Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Кумтөрдүн дагы 6 млн акциясы камакка алынышы мүмкүн


Кумтөр ишканасынын унаа тейлөө бөлүмү
Кумтөр ишканасынын унаа тейлөө бөлүмү

Бул тууралуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында Кумтөр келишими боюнча сүйлөшүү тууралуу баяндама жасап жатып “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов билдирди:

- Мага кечээ жакында келген маалыматтарга ылайык, 47 миллионго кошо дагы 6 миллион акциябыз арест болушу мүмкүн деген коркунуч бар.

Өткөн жылдын 14-октябрында Канададагы Онтарио соту Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алуу чечимин кабыл алган. Анда аталган сот Stans Energу компаниясынын арызынын негизинде чечим кабыл алган. Соттошуу процесстери уланууда.

Президент Алмазбек Атамбаев Канада сотунун чечимин “оюн” деп баалаган. (SE)

XS
SM
MD
LG