Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:42

Берлинале сыйлыгынын баш байгесин ирандык режиссер алды


Режиссер Жафар Панахиге ыйгарылган сыйлык анын тууганы Хана Саедиге тапшырылды.
Режиссер Жафар Панахиге ыйгарылган сыйлык анын тууганы Хана Саедиге тапшырылды.

Германия борборундагы Берлинале эл аралык кинофестивалы 14-февралда жыйынтыкталды. Быйыл баш байге – “Алтын аюу” ирандык режиссер Жафар Панахинин “Такси” фильмине ыйгарылды. Панахи тарткан кинолорду көрсөтүүгө Иранда тыюу салынган. 2010-жылы ага сот 20 жылга чейин тасма тартпоо тууралуу өкүм чыгарган. Бирок ал кино жаратууну улантып келүүдө. Мамлекеттен сыртка чыгууга тыюу салынганына байланыштуу ага ыйгарылган сыйлык тууганы Хана Саедиге тапшырылды. “Такси” фильминде режиссер унаа менен саякаттоо аркылуу Тегеран шаарынын турмушун көрсөтөт.

Ошондой эле “Күмүш аюу” сыйлыгы чилилик режиссер Пабло Ларраинанын “Клуб” аттуу тасмасына ыйгарылды. Кинодо мамлекеттеги саясий, диний жана социалдык маселелер көрсөтүлгөн.

Фестивалга ондогон мамлекеттерден тасмалар сунушталган. Берлинале эл аралык кинофестивалы быйыл 65-жолу өттү.

XS
SM
MD
LG