"Азаттык" үналгысы “Менин баяным” аттуу видео сынак жарыялаган. Сынакка өлкөнүн бардык дубандарынан чыныгы, ошол эле маалда кызыктуу турмушту чагылдырган видео тасмалар келип түштү. "Азаттык +" жаштар берүүсү ошол тасмалардын мыктыларын жалпы көрүүчүлөргө алып чыкты. Каармандар, анда айтылган көйгөйлөр, тасманын авторлору жөнүндө берүүнү Улуттук Биринчи каналдан жакынкы күндөрү көрө аласыздар. Сынакка келген видео баяндарды бул жерден толук көрө аласыз.
"Менин баяным": жеңүүчүлөр сыйланды

1
“Жол” тасмасындагы каарман. Жашы элүүдөн ашып калcа дагы жалгыз өмүр кечирип, турмуштун кыйынчылыктарына туруштук берип келе жаткан Жигитаалы байке.

2
Сынакка келген “Келдибек мергенчи” аттуу тасманын каарманы. Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылынын мергенчиси Келдибек Исмаилов өз айылдаштарын ит-куштан коргойт.

3
Сынакка келген тасмадагы каармандар. "Азаттык+" жаштар берүүсүнүн студиясында.

4

5
“Алтын чайкаган агай” тасмасындагы каарман Мурат Дүйшеев сүйлөп жатат.

6

7
Сынакка тасма тартып жөнөткөндөр.

8
"Тиричилик" тасмасы менен 1-орунду ээлеген Бексултан Абубакир уулуна "Азаттык Медиа" мекемесинин директору Султан Каназаров сыйлык тапшырууда.

9

10
Темир Азем уулу "Максатбек" тасмасы үчүн 2-орунга татыктуу болду.

11

12
“Жол” тасмасын "Менин баяным" сынагына Автандил Абдыкадыр уулу жиберген. Бул тасма 3-орунга татыды.

13
Кызыктыруучу сыйлык алгандар.

14
Мергенчиликтин сырын баяндаган тасманы Асейин Маданбеков тарткан. Ал кызыктыруучу сыйлыкка татыды.