Бишкектин түндүк жагында, «Манас» аэропорту тарапта жылда кышкысын декабрь айынан мартка чейин ар жума сайын элдин демилгеси менен көк бөрү оюну ойнолуп турат. Бул улак тартыш командалык көк бөрү мелдештеринен айырмаланат, анда улакчылар жапырт аламан ат салышат. Ошондуктан ал эл оозунда аламан улак деген ат менен белгилүү. Жума сайын өтчү бул аламан улак айылда ат минип чоңоюп, бирок кийин борбор калаада жашап калгандардын чыныгы эрмеги. (Сүрөттү жөнөткөн Марат Данилов)
Аламан улак - жигиттердин эрмеги

1
Көк бөрүнүн бул түрү көпчүлүк учурда Кыргызстандын түштүгүндө ойнолот.

2

3

4
Аламандын негизги эрежеси бир улакчы баарына каршы же бир команда башка командаларга каршы ойнойт. Оюн талаасында аралыгы 500 метр болгон эки тай казан орнотулат. Ал тай казандарга кезек-кезеги менен улак ташталып турат.

5

6

7

8
Көпчүлүк учурда текенин ордуна торпок ойнолот, улакчылардын саны бир эле учурда 50дөн 500 кишиге чейин жетиши мүмкүн.

9

10

11

12

13

14

15