Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:41

Бир жарым айда өспүрүмдөрдү зордуктоо боюнча үч факт катталган


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди. Парламент учурда “Балдардын ден соолугуна, алардын дене-бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулап жатат.

Демилгечи депутат Турсунбай Бакир уулу өспүрүмдөргө кечки саат 10дон кийин көчөдө жалгыз жүрүүгө тыюу салууну сунуш кылууда. Кечкисин балдарын жалгыз көчөгө чыгарган ата-энеге айып пул салынат.

Буга чейин ИИМ өспүрүмдөргө түн ичинде көчөдө, стадиондордо, сейил бактарда, коомдук транспортто, интернет клубдарда, курулуш аянтчаларында, атүгүл үйлөрдүн чатырларында болууга тыюу салууну сунуштаган. Андан сырткары спирт ичимдиктери сатылган дүкөндөргө жана кафе-ресторандарга ата-энелерсиз барууга болбойт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG