Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:43

Европа биримдиги Крымга каршы санкцияларды кеңейтүүнү көздөөдө


Европа биримдигинин лидерлери Крым жарым аралы жана Севастополь шаарына инвестиция салууга каршы киргизилген санкцияларды кеңейтүү маселесин талкуулашат деп күтүлүүдө.

Атап айтканда, мунай менен газды өндүрүүдө пайдаланчу технологияларды сатууга, туристтик фирмаларга Крымда иш жүргүзүүгө, биримдиктин жарандарына ал жерде компанияларды сатып алууга же каржылоого тыюу салынышы мүмкүн. Европа биримдиги Украинанын Крым жарым аралын Орусия тарабынан аннексияланышын тааныбайт. Буга чейин жарым аралдан товарларды алып келүүгө жана транспорт, телекоммуникация, энергетика жана мунай-газ тармактарын инвестициялоого тыюу салынган.

Бүгүн башталып жаткан эки күндүк саммитте 28 өлкөнүн өкүлдөрү Европадагы экономикалык абалды жана Украинадагы соңку окуяларды талкуулашмакчы.

XS
SM
MD
LG