Кыш келгени Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы сайдан агып түшкөн суу тоңуп, Ак-Талаа – Нарын автожолундагы көпүрөнү бузуп кетүү коркунучу пайда болду. Жергиликтүүлөр кыш узакка созулса, сайдын жээгиндеги үйлөрдү да каптап кетиши мүмкүн деп чочулашууда. Мындан эки жыл мурун катталган бул жердеги кышкы суу ташкын топ турак үйдү каптап, керектен чыгарып салган. Синоптиктердин маалыматында быйыл Нарын облусунда сууктун күчү 30 градустан ашкан учурлар катталууда.
Нарындын суугу сөөктөн өтөт

1

2
Мал сугарганы келген айылдыктардын аты сууктан бубак басып кетет.

3
Ак-Тал сайынын Нарын дарыясына куйган жери кууш болгондуктан тоңгон муздун калыңдыгы 2 метрге чейин жетет.

4
Ак-Тал сайынын суусун тосуу максатында ушундай дамба курушкан. Бирок ал азыр толуп, ташуу коркунучунда.

5
Муздун деңгээли көтөрүлүп, Нарын менен Ак-Талааны байланыштырган көпүрөгө жеткени калган. Эгер муз көпүрөгө жетсе, ӨКМ жергиликтүү эл музун чагыш керек дейт.

6
Айылда 30 градустан ашкан суук болот.

7

8

9

10
Айылдыктар малын ушул жерден сугарышат.

11

12