Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Нарын: сууктан бир киши каза тапты

9-декабрь күнү Ат-Башы айылынын тургуну Сүйүндүк Мусаев өз үйүнүн эшигин ача албай, суукка тоңуп каза болгон. Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Азамат Кабылбековдун айтымында, 1966-жылы туулган бул адам окуя болгон күнү мас же соо болгону белгисиз. Анткени маркумдун туугандары сөөктү соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.

Синоптиктердин маалыматында, быйыл Нарын облусунда сууктун күчү 30 градустан ашкан учурлар катталган.(MiK)

​
XS
SM
MD
LG