Буга байланыштуу “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдү депутаттар колдоп беришти. Азыркы мыйзамдар боюнча миграциялык квотаны Жогорку Кеңеш бекитет. Мыйзам долбоорунда миграциялык квотаны календардык жыл башталганга чейин 4 ай мурда бекитүү сунушталган.
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен кабарлашкандай, чет өлкөлүк жарандарга бул жакта жумушка орношууга 13 миңге жакын квота берилген. Октябрдын башында Бишкекте кытай жарандары милиция кызматкерин ур-токмокко алды деп шектелип, аларга кылмыш иши козголгон. (ZMa)