Николай Рерих улуу сүрөтчү жана даанышман адам. Биринчи дүйнөлүк согуш башталаар алдында: “Көркөм жана илимий мекемелерди, тарыхый эстеликтерди коргоо келишимин” түзүүнү Европа, Америка мамлекеттерине сунуштаган. 1935-жылы ал мүдөөсү ишке ашып “Рерихтин ПАКТы" аталып калган. Ал “Маданиятты сактабаса, өнүктүрбөсө, өз маданиятынын башатына кайрылбаса, анда адамзаттын мындан ары өнүгүүсү мүмкүн эмес. Маданияттын мейкиндигин кеңейтип гана куралдуу кагылышуулардын пайда болушун азайтууга болот”, - деген. Андан бери 80 жыл өттү, азыр да эң актуалдуу. Москвадагы эл аралык Рерих борбору, Бишкектин Кыргыз Славян университетинде иш-чара жана көргөзмө өткөрдү.
Маданият бар жерде – тынчтык бар

1
Николай Константинович Рерих - өмүрүндө жети миң картинаны тарткан. Азыр алардын көбү дүйнөнүн белгилүү галереяларында сакталып турат. Ал - Санк-Петербургда 1874-жылы күзүндө төрөлүп, 1947-жылдын кышында дүйнө салган. Атасы Константин Рерихтин ата-бабалары швед болгон.

2
"Майтрейя" ("Айкөл"). 1932-жыл.

3
"Кут апкелчү жылкы" - "Куттуу Ак Таш". 1933-жыл. Нью-Йорктогу Рерихтин музейинен.

4
"Гэсер Хан". 1941-жыл.

5
"Ойрот - Ак Бурхандын кабарчысы". 1925-жыл.

6
"Курул.Кытайдын чек арасы". 1935-36-жылдар.

7
"Гэсердин сарбаздары". 1931-жыл.

8
"Төө минген жолоочу". 1935-36-жылдар.

9
"Кытай ханбийкеси Вень-Ченьдин себи". 1928-30-жылдар.

10
"Азия нуру". 1928-жыл.

11
"Таштар". 1932-ж.

12
"Шамбала уламышы". 1925-26-жылдар.

13
"Эмир Темирдин жеңишинин оттору". 1931-жыл.

14
Рерихтин музейинде алгачкы көргөзмө ачылар күнү. Москва.1990-жыл.

15
Рерихтин ПАКТына 21 өлкө кол коюп аткан учур. 1935-жыл.
Бир кылым мурда Рерих козгогон маданий мурастарды, маданиятты коргоо азыр заманыбыздын эң актуалдуу маселелеринен болууда. Белгилүү ойчул жана окумуштуу, тынчтык үчүн күрөшкөн коомдук ишмер жана улуу сүрөтчү Николай Рерих, өткөн 20-кылымдын башында эле маданиятты жана маданий мурастарды сактоо көйгөйүн дүйнөдө биринчи болуп козгогон экен.

16
"Талаа сакчысы". 1941-жыл.

17
"Гэсер Хандын кылычы". 1932-жыл.

18
"Чахар" ("Чөлдөгү кербен"). 1937-жыл.

19
"Нукура кыргыздардын күмбөздөрү". Мазар. 1932-жыл.
Рерихтин Нью-Йорктогу музейинде сакталып турган сүрөт.
Рерихтин Нью-Йорктогу музейинде сакталып турган сүрөт.

20
"Даанышман София". 1932-жыл.