Толук метраждуу, эки сериялуу "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильмин "Айтышфильм" студиясы, "Кыргызфильм" студиясы менен биргеликте тартып бүтүрдү. Мамлекеттик деңгээлде каралган бул долбоорго баш-аягы 70 миллион сомго жакын каражат кетти. Фильм Алай, Ош, Ысык-Көл, Чүй аймактарынын эң кооз жерлеринде тартылган. Режиссеру - Садык Шер-Нияз. Башкы оператору - Мурат Алиев. Композитору - Бакыт Алишеров. Башкы ролдорго: Эл артисттери - Назира Мамбетова, Жамал Сейдакматова, жаш артисттер - Элина Абай кызы, Азиз Мурадилаев, Мирлан Абдуллаев, жана башкалар тартылды. Массовкалары менен беш жүздөн ашык адам катышкан тарыхый тасма, 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата көрсөтүлөт.
"Курманжан датка" тартылып бүттү

1
Кыргыз урууларынын желектери желбиреген конуш.

2
Алай. Капчыгай ичиндеги кан төгүүлөрдү эскерүү канчалык оор болсо, аны тартуу андан бетер оор, түйшүктүү жумуш.

3
"Кырчылдашып чабышып, найзанын учу кагышып... " Капчыгай ичиндеги кан кармаш. Алай.

4

5
Алай. Капчыгай ичиндеги кандуу кармаштын аягы тартылууда.

6
Кыргыз жери - керемет! Оңдо, бийик ракурста орношкон тартуучу топ.

7
Ош шаарынын эски көчөлөрүнүн бири - фильм үчүн атайын курулган. Окуя базардын ичинде болууда.

8
Атайын фильм үчүн курулган чептин дубалдарынын ичи. Артисттер эс алып көлөкөдө отурушат.

9

10
Алымбек датка сарбаздары менен. Оңдо биринчи Алымбек датканын жаш кези - актер Азиз Мурадилаев.

11

12
Тыныгуу маалы.

13
Рельс менен тартуу. Ош.

14

15
Талаадагы чачтарач.

16
Эс алуу маалында элдин баары аралаш.

17
Киного тартылганы келген айыл аксакалдары костюмдары менен. Ош.

18
Көлөкөлөп отурган аксакалдар - кино каармандар.

19
Өткөн доордун кийим-кечелери менен азыркы адамдар.