4-майда Бишкекте Украинанын Одесса шаарындагы трагедиянын курмандыктарын эскерген аза митинги өттү. Одессада 2-майдагы башаламандыктарда жанаандан кийин профсоюздар бирикмесинин имаратында чыккан өрттөн 40тан ашуун кишинин өмүрү кыйылган. ("Азаттыктын блогери Шохрук Саиповдун фотолору)
Бишкекте Одесса курмандыктары эскерилди
1
Аза митинги Украинанын Бишкектеги элчилигинин алдында өттү.
2
Аза митингине келгендер элчиликтин алдына гүл коюп, шам жагышты.
3
Митингдин уюштуруучулары бул акция эч кандай саясий максат көздөбөсүн жана ага эч кимди үгүттөп чакырышпаганын айтышты.
4
Уюштуруучулар акция тууралуу тек гана Фейсбукка жазышканын, адамдар ошондон окуп алып эле эскерүү иш-чарасына келип жатканын белгилешти.
5
6
7
8
9
Сыртка чыккан элчиликтин кызматкери келгендерге ыраазычылык билдирүү менен элчилик көңүл айтуу китебин ачканын, каалоочулар болсо ага өз жазууларын калтырса болоорун сунуштады. Мындан соң айрымдар бул китепке көңүл айтууларын калтырышты.
10