Алгач ирет кыргыз улуттук тарых музейи менен кытайдын Сиан шаарындагы “Улуу Жибек Жолу” менчик музейи түздөн-түз келишим түзүп көргөзмө уюштурушту. Байыркы кытай искуссвосунун 16-18-кылымдардан берки үлгүлөрү: “Көлөкөлөр театры” көргөзмөсү Орто Азияда биринчи болуп Бишкекте коюлуп атат. Алар Улуттук Тарых музейине Кытайдын Сиан шаарындагы “Улуу Жибек Жолу” музейинен алынып келинген. Эки миң жыл мурун Шэньси өрөөнүндө Хан династиясында пайда болгон: “Көлөкөлөр театры” Тан династиясынын учурунда өнүгүптүр. Көргөзмөдөгү 69 бейне, 27 топко бөлүнөт экен. Андагы окуялар элдин тарыхынан алынып, түркүн түстүү боекторго боёлгон. 18-кылымда гана бул өнөр Европага жетип, кара-ак түскө өткөн.
Түркүн түстүү “Көлөкөлөр театры”

1
Император Цин Шихуандын жоокери.

2
Улуттук Тарых музейибиздеги көргөзмө залдан.

3
Ат үстүндөгү оюн.

4
Сан жеткис урпактар.

5
Жемиштерге, гүлдөргө толгон тоо бети.

6
Ак жана көк жыландардын кармашы.

7
Ак жана көк жыландардын кармашы.

8
Жасалгачан аскер адамы.

9
Жаныбар каармандардын бири.

10
Үч падышалыктын аскер башчылары чогулду.

11
Бир кемедеги беш пайгамбар.