Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

“Ататүрктөгү” курулушка каршылар президентке кайрылды


Бишкектин бир катар тургуну борбордогу «Ататүрк» сейил багындагы мыйзамсыз жер берүү уланып жатканына тынчсызданып президентке кайрылды. Бул тууралуу демилгечи топ билдирди. Алар буга чейин кылмыш иш козголгонуна карабай жер бөлүү дале уланып жатканына кабатыр. Демилгечи топ сейил бактагы дарактар кыйылып, көп кабаттуу үйлөрдүн курулуп жатышын токтотууну президенттен суранды.

“Ататүрк” сейил багынын айланасындагы чыр көп жылдан бери уланып келатат. Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркуловго парк зонасынын чегин бузду деген айып тагылган. Бирок ал өзү бул айыпты негизсиз деп келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG