Бронислав Залесский 1820-1880-жылдары жашаган поляк адамы, сүрөтчү, саякатчы десе болот. Ал 1865-жылы Парижде чыгарган: “Кыргыз талаасындагы өмүр” аттуу китеби менен Европада белгилүү болгон. Ага чейин, студент кезинен эле революциялык толкунга катышканы үчүн азыркы Казакстандын Оренбург тарабына аскердик сүргүнгө айдалат. Ал жерде убакытты өткөрүү үчүн, офорттук ыкма менен 22 сүрөттү жараткан.
“Кыргыз талаасындагы өмүр”

1
Бетине: "Кыргыз талаасындагы өмүр" деп жазылган альбомдун сырткы бетиндеги жана ички бетиндеги алгачкы сүрөт. 1865-ж. Париж.

2
Бул сүрөттүн аты "Кийиз Үй".

3
"Кийиз үйдүн ичинде" деген сүрөт.

4
"Төө минген аял" деген сүрөт.

5
Саябандуу бир түп дарак: "Мазар бак" деп аталат.

6
"Ыргыз өзөнү" аталган сүрөт. Бул өзөн Урал дарыясына куят.

7
"Күмбөз" деген сүрөт.

8
"Жылаңач көлү". Көлдүн аты "Жылаңач" экен.

9
"Айракты тоосу".

10
"Үстүрт тоосу".

11
"Ханга Баба мазары". Ондон ашык бөлмөсү бар бул таштан курулган үйдө, бир кезде Ханга Баба деген адам жашаптыр. Тегерегиндеги куураган тыт дарактары бир кезде бак-шактуу жер болгонун далилдейт, -деп сүрөттөгөн Бронислав Залесский.

12
"Апазир жайыты".

13
"Агаспайыр күмбөзү". Бронислав Залесский: "Эң кооз күмбөздөр турган жер. Бейиттердин арасы өзүнчө эле мавзолей", - деп жазыптыр.

14
"Маң кыштоо капчыгайы". Моло таш аскасынын жанында.

15
"Моло таш аскасы". Каспий деңизинин жээгиндеги тоодо. Бийиктиги - 80 фут. Бизче - 24 метрден ашык.

16
"Түп Караган. Новопетров порту. Каспий жээги." Орусия жаңыдан басып кирип аткан учур.

17
"Аппак тоолор". "Айланасын бор затынан турган аппак тоолор курчаган бул чөлкөмдө да бир кезде деңиз болсо керек. Арал менен Каспийдин ортосун бөлүп турган бул жерлерде азыр кургакчылык", - деген Бронислав Залесский жазмаларында.

18
"Борлуу тоо". Маң кыштоо жак. Өзү бор затынан турган эң бир кооз тоо кыркасы.

19
"Долу апа мазары". Бронислав Залесский: "Бул мазар Ак Тоодо. Заардуу жөргөмүштөр менен чаяндар жайнаган жер. Заардуу жөргөмүштөрдү койлор терип жейт. Андыктан бул тегеректе жашагандар, жөргөмүш жолобосун деп дайым койдун олпогун астына салып отурушат", - деп кызыктуу сүрөттөгөн.