Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Швейцария Каримованы арам акчаны адалдоого катышы бар деп шектөөдө


Бул тууралуу Швейцариянын прокурорлору бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Анда белгиленгендей, иликтөө өзбек президентинин улуу кызы Гүлнара Каримова арам акчаны адалдоого катышканбы деген шек боюнча жүрүүдө.

Өзбек президентинин кызына жакын байланышы бар өзбекстандык жарандарга каршы 2012-жылы июлда эле ачылган кылмыш иш "Өзбекстандын телекоммуникация рыногундагы мыйзамсыз аракеттерге” байланышкан.

Швейцария Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Жаннет Балмер "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна кылмыш иш боюнча:

- Швейцария конфедерациясынын Башкы прокуратурасы бир нече өлкөдөн, анын ичинде өз тергөөлөрүн жүргүзүп жаткан Швеция менен Франциядан юридикалык кызматташтыкты өтүндү.

Швейцария тараптын маалыматына караганда, алар Өзбекстандыкы делген 660 миллион евро өлчөмүндө шектүү акча тапкан.Былтыр августта прокурорлор Каримованын Швейцариядагы вилласында тинтүү жүргүзгөн эле.

Өзбекстандын БУУдагы өкүлүнүн кызматынан былтыр июлда четтетилгенге чейин Каримованын дипломатиялык иммунитети бар болчу.

Швейцария прокурорлорунун болжолунда, Гүлнара Каримова бул өлкөдөн анын ысымы тергөөгө тартылган адамдардын тизмесине кошулгандан кийин чыгып кеткендей.

Былтыр күздөн бери Өзбекстандын өзүндө да Каримовга жана анын бизнес өнөктөштөрүнө тиешелүү деп эсептелген телеканалдар, ондогон дүкөндөр жабылган.(UE)

XS
SM
MD
LG