Жогорку Раданын резолюциясы менен Харьковдогу абактан чыккан Юлия Тимошенко Киевге келип, Грушевск көчөсүндө нааразылардын каны төгүлгөн жайга барып, маркумдарды эскерди. Төбөлсүздүк майданына келип, нааразыларга кайрылды. Ал “Украинанын баатырларын эл эч качан унутпасын” айтып, антиөкмөтчүл демонстранттарды күрөштү токтотпоого үндөдү. Юлия Тимошенко украин саясатын 2004-жылдагы Саргылтым революциядан бери аныктап келет. Сүрөттө анын жашоосунун урунттуу учурлары камтылган.
Юлия Тимошенконун тагдыры

25
Эне менен кыздын кездешүүсү. 22-февраль, 2014-жыл.

26
Киевге келүү.

27
Тимошенко түрмөдө жаткан кезде бел омурткасынын дарты өтүшүп, коляскага отурууга мажбур болгон. Ага бийлик Батыштан дарыланууга уруксат берген эмес.

28
Тимошенко Майдандагы демонстранттар менен амандашууда.

29
Бийлик менен тирешүүдө курман болгондорго таазим этүү.

30
Тимошенко демонстранттарды аягына чейин күрөшүп, өз максаттарына жетүүгө чакырды.