Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Жалал-Абадда ымыркайлардын өлүмү көбөйүүдө

Жалал-Абад облусунда бир жашка чейинки балдардын өлүмү көп катталууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Маматжан Миянов билдирди.

Анын айтымында, бир жашка жетпей чарчап калгандар былтыр 520 болуп, мурдагы жылга салыштырганда 22 балага көп катталды.

Ымыркайлардын өлүмү айрыкча Жалал-Абад, Майлуу-Суу шаарларынын, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул райондорунун төрөт үйлөрүндө көп катталган. (YA/RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG