Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Киев: Евромайданда күч колдонгону үчүн эки жетекчи кызматтан алынды


Украинанын Башкы прокуратурасы Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысынын орун басары Владимир Сивкович, Киев шаардык администрация башчысы Александр Попов, Киев полициясынын башчысы Валерий Коряк жанан анын орун басары Петр Федчук 30-ноябрдын түнүндө борбордук аянтта тургандарды күч менен таратууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Баш прокурор Виктор Пшонка аталган төрт жетекчинин үй-мүлкүн камакка алуу алуу маселеси каралып жатканын билдирди. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Сивкович менен Попов демонтранттарды күч менен тараткыла деп Киев милициясынын жетекчилигине басым жасаганын прокурор белгиледи. Президент Янукович аталган эки жетекчини кызматтан алды.

Киев соту болсо 30-ноябрда Майданда полиция кармагандарды бошотту.

XS
SM
MD
LG