Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

№1 тергөө абагынын жетекчиси Марс Жусупбеков камакка алынды


29-ноябрда Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери Бишкектеги СИЗО-1дин жетекчиси Марс Жусупбековду камакка алышты. Бул маалыматты "Азаттыкка" аталган кызматтын басма сөз өкүлү тастыктады.

Кабарларга караганда, Жусупбеков Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинде (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-беренесинде (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) каралган кылмыштарга шектүү катары кармалды.

Түрмө жетекчиси катары Марс Жусупбековдун ысымы коомчулукка алгач 2011-жылдын декабрында Кыргызстандын абак жайларында кармалып тургандар жапырт ачкачылык жарыялашканда белгилүү болгон. Анда Жусупбеков Бишкек СИЗОсунда кармалгандардын ачкачылык жарыялоосунун артында кримтөбөлдөрдүн абак жайлардагы камераларды ачык коюу талабы жатканын билдирген.

СИЗОдо отургандардын 700 чактысы ушул апта башында да бир күн ачкачылык жарыялашкан.

Марс Жусупбеков 26-ноябрда ачкачылык жарыялагандар кримтөбөлдөрдүн бирин СИЗОго которуп берүү талабын коюп жатышканын "Азаттыкка" айткан эле.

XS
SM
MD
LG