Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Бир тууган Навальныйлардын экөөнүн тең мүлкү камалды


Алексей Навальный
Алексей Навальный
Орусияда оппозиционер Алексей Навальныйдын жана анын бир тууганы Олегдин бүт банк эсептери жана мүлкү камакка алынды. Москвадагы Басман соту бүгүн бул чечимин “Ив Роше” компаниясынын айланасындагы иштин алкагында чыгарганын билдирди.

Бир аз мурдараак сот Олег Навальныйдан гана мүлкү камалганын айткан, кийинчерээк билдирүүсүн оңдоп, бир туугандардын экөөнүн тең мүлкү камалганын айтты. Өткөн айда Алексей Навальный менен анын бир тууганы Олег аталган ишканадан 26 млн. рубль акча уурдаган деп айыпталышкан. Непада сот аларды бул иш боюнча күнөөлүү деп тапса, 10 жылга чейин түрмөгө отургузушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG