Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:46

Таласта окуучу кызды ала качкан иш боюнча сот өкүмү чыкты


“Айкын багыт” укук коргоочу уюмунун төрайымы Мунара Бекназарова бүгүн “Азаттыкка” айтканына караганда, эки күн мурун Таласта сот былтыр окуучу кызды үч ирет ала качып, сексуалдык зордукка алган кишини беш жылга түрмөгө кескен өкүмүн чыгарды. Бирок кызды уурдаган адам былтыр тергөө башталгандан бери убактылуу кармоочу жайда жаткандыгын эске алуу менен, анын түрмөдөгү мөөнөтү үч жылга түшүрүлдү.

Укук коргоочу Бекназарова “соттун чечими өтө эле жумшак” болду жана Кыргызстанда кыз ала качкандарга жазаны күчөткөн мыйзам былтыр күчүнө киргенине карабай, иш жаңы мыйзамдын негизинде каралган жок деди. Анын айтымында, үч башка берене менен соттолгон кишини судья “кыз ала качуу” беренеси боюнча жазадан бошоткон чечим чыгарды.

"Биздин пикирибизде, ал кишини “ала качуу” фактысы боюнча жоопкерчиликтен бошотуу – такыр акыйкатсыз чечим. Кыздын арызы жаңы мыйзамдар күчүнө киргенге чейин берилген күндө деле ал адам башка берене – “сексуалдык зордуктоо” деген берене – боюнча да айыпталган эле. Анын үстүнө, мамлекеттин саясатын да эске алыш керек эле. Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди, президент кол койду, бирок соттор дале аны эске албай жатышканы бизди өкүнтөт", - деди Мунара Бекназарова.

Бул окуя – Кыргызстанда кыздарды турмуш куруш үчүн ала качкандарга жазаны күчөткөн жаңы мыйзам иштей баштагандан берки алгачкы сот иши.

XS
SM
MD
LG