Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Ажылык сапар аяктоодо


Ажылык зыярат үчүн Сауд Арабияга кеткен кыргызстандыктардын биринчи тобу 20-октябрда кайтып келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Жекшембиде түштөн кийин аларды муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев тосуп алат.

Ажылыкка кыргызстандыктардын биринчи тобу 17-сентябрда, акыркысы 3-октябрда кеткен. Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга 3700гө чукул орун бөлгөн. Бул жылдагыдан 900гө аз. (AKu)

XS
SM
MD
LG