Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Кыргызстанда биринчи банктык облигация сатыкка коюлат


Кыргыз инвест-кредит банкы баалуу карыз кагаз, же облигация, чыгарган өлкөдөгү эң биринчи банк болуу астында турат. Бул тууралуу ортомчу-андеррайтер “Сенти” каржы компаниясы өзүнүн сайты аркылуу маалымдады.

Өлкөдө буга чейин бир да банк мындай кадамга барган эмес. Бир облигация 1000 сомго барабар жана үч ай сайын төлөнүүчү киреше үстөгү 14%. Кыргызстандагы эң алгачкы банктык облигациянын карыз мөөнөтү эки жылды түзүп, 100 млн сомдук баалуу карыз кагаздар 16-сентябрда сатыкка коюлат.


Банктын баалуу карыз кагаздары сатыкка коюлгандан кийин Кыргыз фондулук биржасынын “Блу чипс”, же “Эң жогорку”, тизмесине кирүү үчүн листингден өтөт. Дебюттук баалуу карыз кагаздарды сатуудан түшкөн пайданы Кыргыз инвест-кредит банкы майда жана орто ишкердик менен алектенген өзүнүн кардарларын насыялоого, айыл-чарба тармагына жана чекене кредиттөөгө жумшайт. (BAz)

XS
SM
MD
LG