Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Чолпон-Ата: депутатка кол салгандар кармала элек


Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашкандай, Бостери айылдык кеңешинин депутаты Чынаркүл Молдошевага кол салгандар кармала элек. Маалыматка караганда, Молдошевага кол салуу боюнча кылмыш иши козголгон, иликтөө-издөө иштери уланып жатат.

Бостери айылдык кеңешинин депутаты, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Чынаркүл Молдошеваны белгисиз бирөөлөр 2-августтан 3-августка оогон түнү атып кетишкен. Учурда депутат Бишкектеги ооруканада жатат. Маалыматтарга ылайык, депутаттын мурдуна ок тийген. Абалы туруктуу. Буга чейин Ички иштер министрлигинен Молдошевага депутаттык ишмердүүлүгүнөн улам кол салынышы мүмкүн деп билдирген. Жогорку Кеңеш Социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрү да Молдошеванын Бостеридеги бир катар коррупциялык иштерди ашкерелегенин, бул үчүн бир нече жолу коркутуулар болгонун билдирип, Ички иштер министрлигинен бул ишти тыкыр иликтөөнү өтүнгөн.(BkA\MK)

XS
SM
MD
LG