Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:27

ИИМ: депутатка кесиптик ишмердүүлүгүнөн улам кол салынган болушу мүмкүн


Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, милиция кызматкерлери Бостери айылдык кеңешинин депутаты Чынаркүл Молдошевага кол салууну анын депутаттык ишмердүүлүгүнөн улам болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат. Анткени Молдошева буга чейин Бостеридеги коррупциялык иштер, кылмыштуу топтор боюнча маселени көтөрүп чыгып, активдүү иш алпарып келаткан.

Бостери айылдык кеңешинин депутаты, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Чынаркүл Молдошеваны белгисиз бирөөлөр 2-августтан 3-августка оогон түнү атып кетишкен. Учурда депутат Бишкектеги ооруканада жатат. Маалыматтар боюнча депутаттын мурдуна ок тийген. Учурда абалы туруктуу. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон, милиция иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG