Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:55

Кылычбек Шакиров “Центерра Голддун” директорлор кеңешине мүчө болуп шайланды


Мындай маалыматты “Азаттыкка” Кылычбек Шакиров тастыктады. Шакировдун айтымында, анын талапкерлиги  “Центерра Голддун” директорлор кеңешинин 31-июлда өткөн жыйынында жактырылды. Анын талапкерлигин Кыргызстан көрсөткөн. Кылычбек Шакиров “Кыргызалтын” ишканасынын вице-президенти.

Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин 12 мүчөсү бар. Алардын үчөө кыргызстандык. Буга чейин Кыргызстандан Амангелди Муралиев жана Карыбек Ибраев кирген болчу. (BkA)

 

XS
SM
MD
LG