Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:16

Орусиялык “курал соодагери” деп таанылган Виктор Бут АКШда 25 жылга түрмөгө кесилди

Thailand -- Alleged Russian arms dealer Viktor Bout arrives at a Criminal Court in Bangkok, 05Oct2010
Thailand -- Alleged Russian arms dealer Viktor Bout arrives at a Criminal Court in Bangkok, 05Oct2010
Аны “Америкалыктарды өлтүрүш үчүн террористтер менен тымызын сүйлөшүүлөргө барган” деп табышты. Бул айып Виктор Бут колумбиялык козголоңчуларга курал-жарак сатууга аракет кылганына байланыштуу коюлган.

Козголоңчуларга сатылмак болгон ал куралдын айрымдары менен АКШнын тик учактарын жерден атып түшүргөнгө болоору кабарланууда.

45 жаштагы Бут дүйнөдө мыйзамсыз курал-жарак соодасы менен алектенген эң ири аткезчилердин бири деп эсептелчү. Аны 2008-жылы Тайландда кармашкан. АКШда сот кечээ чыгарган өкүмгө каршы Буттун адвокаттары доо арыз менен кайрылышаарын билдиришти.
XS
SM
MD
LG