Бул тууралуу "Азаттыкка" жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынын башчысы Александр Никсдорф билдирди. Никсдорфдун айтымында, 28-январдан баштап бардык абак жайларда жана тергөө абактарында ачкачылык токтотулуп, камактагылар тамак ичип жатышат.
Буга чейин акыйкатчы Турсунбек Акун Степное айылындагы №2 аялдар түзөтүү колониясында ачкачылык улантылып жатканын билдирген эле.
Жазаларды аткаруу кызматы акыйкатчынын мындай маалыматын төгүнгө чыгарып, №2 аялдар түзөтүү колониясындагы аялдар тамак ичип жатканын кабарлады. Акыйкатчы Турсунбек Акун да бул маалыматты тастыктап, жаңылыш маалымат таратканын мойнуна алды.
16-январда №1 тергөө абагында күч колдонуу менен жүргүзүлгөн пландык тинтүү абактагылардын нааразылыгын күчөтүп, жапырт ачкачылыкка алып келген. Анын негизинде 13 түрмөдө ачкачылык жарыялагандардын саны 6 миңден ашып, алардын 1300дөн ашууну оозун төөнөгөнгө чейин барган. (BkA)