Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:50

Ысык-Көл облусунда малдын шарп ылаңы катталды

Ысык-Көл облусунда шарп ылаңы катталууда. Бул тууралу Ысык-Көл облусунун ветеринария бөлүмүнүн башчысы Бакыт Шарапов билдирди. Шарп ылаңы Тоң районундагы Бөкөнбаев, Оттук айылдарында жана Ысык-Көл районундагы малдын арасында катталган. Шараповдун айтымында, ылаңдын очогу Чүй облусунда чыккан. Ал эми Ысык-Көлгө Токмок шаарынан келген малдан жукканын белгиледи. Башкача формадагы илдетке азырынча вакцина жок экени да айтылды деп кабарлайт кабарчыбыз Мария Колесникова. (MK/RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG