Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:55

Нарында шырдактын баасы жогорулады


Нарындык уздардын колунан жасалган шырдактардын баасы быйыл кыйла жогорулаганын кабарчыбыз Эркингүл Бокоева маалымдайт. Нарын районуна караштуу Достук айылынын 60 жаштагы жеке ишкери Райкан Тилекматованын айтымында, былтыркы жылы бир шырдакты 6-7 миңден сатса, быйыл 10 миңден өтүп жатат. Негизинен Бишкектен жана коңшу облустардан келип алып кетишет. Кызга сеп даярдагандар көп. Чет өлкөлүк кардарлар азырынча жок. Райкан Тилекматова 1991-жылдан бери жылына үч-төрттөн шырдак жасап, сатып келет. Ай сайын алган пенсиясы 3 миң сом. Мурдараак Ысык-Көлдүк уздар жасалгасы менен бир боз үйдү 25 миң долларга сатышаарын "Азаттык" кабарлаган. (ErB/RK)

XS
SM
MD
LG