Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:51

"Гринпис" 40 жашта


Ондонгон жылдар мурда Тынч мухитинин түндүгүндөгү тырмактай аралда АКШнын өзөктүк сынагына тынчсызданган активисттердин чакан тобу бүгүн эл аралык барандуу экологиялык кыймылга айланды.

"Гринпистин" жана аздыр-көптүр эл арасында кадыры бар башка экологиялык кыймылдардын иш-аракетине салыштырмалуу, Кыргызстандагы "жашылдар" көпчүлүк учурда бар-жогу билинбей, зымпыйышат. Бишкектеги айрым акцияларды эске албаганда, кыргызстандык экологдордун көпчүлүктүн көңүлүн бурган, узак мезгилдүү аракеттери анчейин байкалбайт.

Кеп күндө ызы-чуу салганда эмес, бирок бүгүнкү замандын жыла басып, жылма сүйлөгөн ач-күзөндөрүнүн таландысында калган Жер энени коргош үчүн активисттер күнү-түнү сак болуп, тапкычтык, зарыл болсо чагылгандай тездик менен аракеттенишет.

Аты бүт дүйнөгө маалым "Гринпистин" активисттери тууралуу мына ушундай керек болсо алдуу-күчтүүлөр менен түздөн түз тирештен да кайра тартпаган жалтанбастар деген түшүнүк бар.

Тээ 1971-жылы 15-сентябрда пацифист, эколог, журналист жана хиппилердин чакан тобу АКШнын Аляска багытындагы Амчика аралында жер алдындагы өзөктүк сынак жардырууларын токтотуп калуу үчүн океанга чыккан. Дүйнө боюнча миллиондогон колдоочулары бөлгөн каражат, гранттар менен иштеген бул уюмдун тарыхы дал ушул күндө башталган.

"Гринпис" деп аталган балык уулоочу кайыкты Амчикага жете электе АКШнын деңиз күчтөрү артка кайтарган, өзөктүк сынак болсо өткөрүлгөн. Бирок дал ушул окуя АКШнын сынактарына эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, кийинки жылы өлкө мындай тажрыйбаларын токтотууга мажбур болгон.

Башында "(Мухитти) Толкундатпа" комитети деген атын кийин "Гринпис" деп өзгөрткөн уюмдун аты 1985-жылы эл аралык жаңылыктардын биринчи сабына кайра чыккан. Ал ирет "Гринпистин" Күндүн Желесин кармаган "Жоокер" деген аталыштагы кемеси Тынч мухитинин түштүгүндөгү Муруроа ядролук сынак аралына баратканда француз тыңчылары тарабынан жардырылып жиберилген.

Андан берки жылдары уюм торолуп, өзөктүк куралдарга нааразылык билдирүүдөн, коммерциялык максатта кит уулоо, уулуу таштандылар, аба ырайынын өзгөрүшү өңдөңгөн экологиялык майдандарда кеңири масштабда күрөш жүргүзүп келет.

Сара Холден "Гринпис интернэшнлдин" коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн улук өкүлү. Анын айтымында, "Гринпис" Жер шарында олуттуу экологиялык өзгөрүүлөрдүн алдыңкы сабында келатат:

Биз 40ка чыктык. Чынын айтсам, ардактуу эс алууга кетсек дегенде эки көзүбүз төрт. Тилекке каршы, биздин ишибизге дагы деле талап бар.

Холден белгилегендей, "Гринпистин" эң ири жетишкендиктеринин бири 1991-жылы бүткүл Арктикада мунай-газ жана башка минералдык кендерди издеп, бургулоого 50 жылга тыюу салган жаңы "Экологиялык протоколдун" кабыл алынышы болгон.

"Гринпис" Советтер Союзуна да сес көрсөткөн. Анын "Сириус" деген кемеси 1982-жылы Ленинград портуна кирип келип, "Советтер Союзу: Атомдук сынактарды токтот" деген орусча жазуусу бар 2000 желим шарды асманга учурган.

Уюм ошондой эле 1989-жылы Петер Габриэл, Ю-2, Юрисмик, ушул жайда Казакстандагы ачкачылык жарыялаган мунай жумушчуларына боор тартып, Назарбаевдин туулган күнүндө ырдабай койгон Стинг сыяктуу белгилүү ырчылардын жана топтордун кош албомун чыгарып, аны "Гринпис жиреп келатат" (“Greenpeace – Breakthrough”) деп атаган.
Чынын айтсам, ардактуу эс алууга кетсек дегенде эки көзүбүз төрт. Тилекке каршы, биздин ишибизге дагы деле талап бар.

"Гринпистин" Орусиядагы өкүлчүлүгүндө бүгүн 50 чакты киши иштейт, 600дөй демилгечи жардам берет, бюджети 1.6 миллион доллар. Башкы штабы Амстердамда орун алган уюмдун Орусиядагы эң соңку акциясы Кремлди бөйрөккө сайгандай эле болду. Ушул айда "Гринпис" "Байкал көлүнүн номур биринчи душманы" деп премьер-министр Владимир Путинди атады. Көрсө Путин Байкалдын боюндагы кагаз иштетүүчү ишкананы кайра ишке киргизүүгө уруксат берип койгон экен.

Той деген той эмеспи, 40 жылдык мааракесине карата "Гринпис" 17-сентябрда Күндүн желесин кармаган Жоокер фестивалын уюштурууда. Бул күнү "Гринпистин" мухиттердин сууларын жиреп жүргөн үч кемеси менен "Күндүн Желесин кармаган Жоокер III" деген аталыштагы эң акыркы технологиялар менен жабдылган жаңы кемесинин тушоосу кесилет.

XS
SM
MD
LG