Чехиядан алып келинген ажайып петуния (латын тилинде Petunia, француз тилинде болсо "петун" - petun — "тамеки" дегенди туюнтат) гүлдөрү Бишкек шаарынын борбордук эки көчөсүнө отургузулду. Алардын саны 2150гө жетип, бул үчүн жалпысынан 10,5 миллион сом сарпталаары пландалган. Бул өсүмдүк Европага жана дүйнөнүн башка булуң-бурчтарына оболу Түштүк Америкадан алынып келинип, анын ар кыл түрлөрү 18-кылымдан тартып маданий өсүмдүк катары таркаган. 18.6.11. MTo.
Гүлдө, петуниялуу Бишкек!
1
Азыр ачылган гүлдөр бирин-серин болгону менен кийин бажыраят дешет. - Петуния гүлү багбандардын сүймөнчүлүгүнө айланган.
2
Улам жаңылары ачылып, катары көбөйүп турат - Петуния гүлү багбандардын сүймөнчүлүгүнө айланган.
3
Гүлдүн чөйчөгүн да чүпүрөк менен сүртүп турушат - Петуния гүлү багбандардын сүймөнчүлүгүнө айланган.
4
Аты - петуния, жери - Чехия, түпкү теги - Түштүк Америкадан
5
“Суу куям маалында, сындырбайм шагын да” - Петуния гүлү багбандардын сүймөнчүлүгүнө айланган.
6
Гүл - Чехиядан, идиши Кытайдан, топурагы Бишкектен - Петуния гүлү багбандардын сүймөнчүлүгүнө айланган.
7
Карагайларга да гүл отургузулду - Петуния гүлү багбандардын сүймөнчүлүгүнө айланган.
8
Бишкектин Ж.Абдрахманов (мурдагы Совет) жана Манас-Тынчтык көчөлөрүндө отургузулган гүлдөр - Петуния гүлү багбандардын сүймөнчүлүгүнө айланган.
9
Кийинки жылы гүлдөрдүн саны көбөймөкчү
10
Сууну боорундагы тешик аркылуу куйса да болот
11
Бир түндө 20-30 даана гүлдү жулуп кетишет экен
12
Ак калпак, ак халат. Тазалыкты ушул эжедей сактайлы.
13
Петуния кеч күзгө чейин гүлдөп тура берет дешет - Ушул гүлдөрдү өстүрүү үчүн сметалык жалпы чыгым 10,5 миллион сомду түздү
14
Бишкек шаардык Жашылдандыруу курулушу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Закир Коомбаев