Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

АКШ Интернет коопсуздугу үчүн чечкиндүү күрөшөт


Барак Обаманын өкмөтү Интернет коопсуздугун бекемдөө планын жарыялады. Мамкатчы Хиллари Клинтон АКШ башка өлкөлөр менен бирдикте Интернетти маалыматтын ачык булагы катары кармап туруу үчүн иштешээрин билдирди:

- Кошмо Штаттар эл аралык майданда ачык, чогуу пайдаланылчу, коопсуз, ишенимдүү маалымат жана байланыш инфраструктурасын жайылтуу үчүн иштейт. Бул эл аралык сооданы жана коммерцияны колдоп, эл аралык коопсуздукту бекемдейт, эркин пикир алмашканга жана инновацияга тарбиялайт.

Ак Үй эгер АКШнын коопсуздугуна киберчабуулдун коркунучу жаралса, ага каршы аскерий кубатын колдонорун ачык эскертти.

Эксперттердин айтымында, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү жана Интернет мейкиндиги көзөмөлгө алуу боюнча эл аралык келишимдер аткарылмайынча, Интренет коопсуздугуна жетишүү мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG