Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:38

Багытың кандай, Кыргызстан?


Кыргызстанды Батышка багыттап өнүктүрүү керекпи, же Чыгышка көздөй буруу керекпи? Кыргыз коому Батыштан эмнелерди алып, эмнелерди четке кагышы керек? “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы ушул темага арналды.

Талкуунун катышуучулары:

Надырбек Алымбеков – Кыргыз эл акыны, коомдук ишмер

Осмонакун Ибраимов – профессор, Кыргыз илимдер академиясынын мүчө корреспонденти

Төлөгөн Келдибаев – коомдук ишмер

“Азаттык”: Надырбек мырза, сиз кандай карайсыз, биз Батышты көздөй өнүгүшүбүз керекпи, же Чыгышты карай өнүгүшүбүз керекпи?

Надырбек Алымбеков: Элде 20 жылдан бери ар кандай пикирлер айтылып калды, “Батыш ар кандай балээлерин жугузуп атат” деп. Бирок биздин ата-бабалар улуу мамлекеттин арасында жашап келген. Мына ошондо айтылат, “болоруңа болуп өт, боз жоргодой сылжып өт, болбосуңа келгенде боло турган кишинин үзөңгүсүн кармап өт” дейт. Биз азыр боло турган убакта болгондурбуз, мисалы Манастын убагында. Анан ушундай көп мамлекеттердин ортосунда кыпчылып тургандан кийин эртең эмне болорубузду, кандай жол басып келерибизди эсепке алып, боло турган кишилердин анча-мынча үзөнгүсүн кармабасак оокат болбойт.

“Азаттык”: Төлөгөн мырза, сиздин көз карашты уксак.
Биз эмнени берип атабыз, эмнени аларга өткөрүп атабыз, бул жерден биз аябай кылдат болушубуз керек.


Төлөгөн Келдибаев: Бүгүнкү күндө биз Батышты да, Чыгышты да туурабай, өзүбүздүн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн менталитетине туура келген, Манас атабыздын осуяттарын туу тутуп, жакшы улуттук идеяларды көтөрүп чыгышыбыз керек. Бүгүнкү күндө Батышты, Чыгышты туурап биздин бийлик башкаруу сиситемасында башаламандык болуп кетти.

“Азаттык”: Кыскасы сиздин позиция мындай экен: Батыштан да эмес, Чыгыштан да эмес, Кыргызстан, кыргыз эли өз жолун табыш керек деген. Осмонакун мырза, сиз кайсы позицияда турасыз?

Осмонакун Ибраимов: Мен өзүмдү чыгышчыл да эмес, батышчыл да эмес, орточул деп эсептейм. Арнольд Тойнби деген Англиянын өтө чоң тарыхчысы мындай деп айткан: “атаганат, колдон келсе Кытайдын стабилдүүлүгүн жана Батыштын динамикасын кошсок дүйнөнүн цивилизациясы аябай өркүндөйт эле” деп. Анысыңары, атаганат, колдон келсе Кыргызстанга Батыштын бүгүнкү динамикасы, же сонун саясий жана экономикалык структурасы бизде болсо, ошону менен бирге кыргыз элинин өзүнүн адаптивдүүлүгү, ар нерсеге тез илинип кеткендигин кошсок жакшы эле болот эле деп ойлойм. Ошол биздин стратегия болуш керек.

“Азаттык”: Негизинен ким кайсы позицияда, кандай көз карашта турарын ачыктап алдык. Анда биринчи суроо мындай болсун, Батыштын эмнеси бизге жаман? Төлөгөн мырза, Батыштан келгендердин эмнеси сизге жакпайт?

Төлөгөн Келдибаев: Бүгүнкү күндө бизге Батыштан келген маданият жана башка тармактары биздин менталитеттерге туура келбейт. Мисалы көрсөтүп аткан кинолору жана башкалар.

Андан башка Европадан келип аткан инвесторлордун кыргыз мамлекеттүүлүгүнө кошкон салымына караганда өздөрүнүн кызыкчылыктарын, байлык топтогонун өтө жогору койот. Бүгүнкү күндө кыргыз мамлекетинде өндүрүлгөн товарларды арзыбаган тыйындарга алып, КМШ мамлекеттерине бир топ жогору баада сатып атат, дыйкандарыбыздын пешене тери кеткен кирешеси арзыбаган акчага туура келип атат.

“Азаттык”: Ушуну сиз туура эмес деп эсептейсизби?
Жарма патриоттор эмне жакшы экенин өздөрү түшүнбөйт, жакпайт эч нерсе, колуна берсең иштей албайт, эки сөздү кошо албайт


Төлөгөн Келдибаев: Четтен келген инвесторлордун көпчүлүгү биздин улуттун кызыкчылыгына, ден соолуктарына көңүл бурбай атат. Өздөрүнүн байлык топтоосун, жеке кызыкчылыктарын жогору коюп атышат.

“Азаттык”: Бай кыргыз деле башка бир өлкөгө барса, биринчи кезекте өзүнүн капчыгын кампайткысы келет да. Кайсы жерде арзан жумушчу күч болсо, арзан товар өндүрүлсө инвестор ошол жерге келет. Капитал дегендин өзүнүн табияты ошондой. Анан ошолорго ошондой шарт түзүп берген, сиз айтып аткандай, кыргыздын кызыкчылыгына иштете албаганына ким күнөөлүү?

Төлөгөн Келдибаев: Албетте биздин бийлик күнөөлүү. Бүгүнкү күндө мамлекетте четтен келген инвестициялар, башкалар биздин бийликтин, өкмөттүн токтомдорун, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына эч кандай баш ийбейт. Акыркы мезгилдерде кытай компаниясы менен соттошуу болду. Ошондо кытай тилинде жазып берүүнү талап кылды. Биздин мамлекетти, биздин элди урматтабаганы ушундан көрүнүп турат.

“Азаттык”: Батыштын мындан башка дагы кандай “балакетин” айтасыз?

Төлөгөн Келдибаев: Ар кандай кайрымдуулук фонддору жана башкалар, кечээ жакында Ош коогалаңы болду, сырттан ташылып келген гуманитардык жардамдар, дары-дармектер бүгүнкү талапка жооп бербейт, же мөөнөттөрү өтүп кеткен. Ушундай азык-түлүктөрдү биздин жарандар колдонгонго аргасыз болуп атат. Бул жакшылыкка алып келбейт. Ушундай нерселер биздин чек арадан өтүп атат.

“Азаттык”: Мөөнөтүнөн өтүп кеткен товарларды, гуманитардык жардам деп алып келсе, оштуктарга жеткирип берген өзүбүздүн эле кыргыздар болуп атпайбы.

Төлөгөн Келдибаев: Мен сиздин сөзүңүзгө толук кошулам. Анткени биздин бийликтеги кыргыз элине кайдыгер жетекчилердин кесепетинен мөөнөтү өткөн азык-түлүктөр биздин өлкөгө кирип атат.

Жарма патриоттордун “ыры”

“Азаттык”: Надырбек мырза, кыргыздын коомуна кирип аткан негизги көрүнүштөрдөн эмнелерди сиз туура эмес деп эсептейсиз?

Надырбек Алымбеков: Биз 20 жылдан бери ажырата тургандай деле болбой калдык. Айтып өтпөдүбү, Батыштын көп маданиятын, искусствосун, таштандыларына чейин бизге таңуулап атат деп. Андай эле биз мыкты болсок, тырмагыбыздан баштап чачыбызга чейин Кытайдын кийимин кийип калбадыкпы. Мен башында айтып кетпедимби, бирөөнүн үзөнгүсүн алсак деп. Ошонун жакшы жактарын алыш керек да, мындан кача албайбыз, заман өсө берет, мезгил өткөн сайын цивилизация өсө берет, кыргыз баласы артта калбайт. Ошондуктан кайсы жерде жакшы болсо ошону алыш керек.

Улуттук өзүнүн көз карашында аябай бекем туруш керек. Антпесек биз ортодо эле чайпала беребиз. Кыргыз маданиятын да, билимин да азыркы болуп жаткан цивилизацияга колунан келишинче тик туруп, улуттун арасына сиңирбесе эч сиңбейт.

Кыргыз өзү душман болуп отурат. Мен акын катары айтаарым, “кыргыздын кыргыз деген душманы бар, ортону ойроң кылып бузганы бар, кайрандан тиш кайрашып карышкырча, канында көрө албастык кызгануу бар”. Биз бири-бирибизди жем кылып отурабыз. Акылга келип, чогуу улуттук көз карашыбызды толук бир жерге коюп алмайынча, экспансиялар, өйдө-төмөндөр боло берет, күчөй да берет.

“Азаттык”: Осмонакун мырза, сиз илимпоз адамсыз, колдон келсе көзгө сайып, көзгө чукуп көрсөтүп бериңиз.

Осмонакун Ибраимов: Бул жерде конкреттүү Батыштан, же Чыгыштан келип бизди кууратып кетти деп айта турган эч нерсе жок. Жакшы нерсесин алып, ошону окшоштуруп Чыгыштагыдай жасай албай атабыз.
Кыргыз маданиятын да, билимин да азыркы болуп жаткан цивилизацияга колунан келишинче тик туруп, улуттун арасына сиңирбесе эч сиңбейт.


Биздин жарма патриоттор алдыга түрткөндүн ордуна, бизди артка тартып атат. Экинчиден, бир жерде чогулуп калсак, доктор, профессор киши экен, менден сурайт, "биз Кыргызстанга чет өлкөдөн көп киши кирип кетти, Ысык-Көлгө көп киши келип атат, көл булганып баратат, “Кумтөрдө” жаман экен, мөңгүлөрдү ээритет экен, бизге түрктөр, кыйтайлар толуп кетти, жаап эле койсо болбойбу, таптаза аба жутуп, таптаза көлгө түшүп жүрсөк болот беле" деп. Мен айттым, “эжеке, болот, биз кирбе десек кирбей эле койот, инвестор тургай эч ким басып келбейт. Бирок эл минген унаалар, эл жүргөн жакшынакай жолдор, эл түшкөн учактар бизде болбойт. Жакшы “Мерседес” унаанын ордуна ат, эшек минип жүрүшүбүз керек” дедим.

Кеп Батыш бизге зыян кылды, же Чыгыштан өзүнөн-өзү бир нерсе келе калат деген сөз жок. Надырбек акын абдан туура айтты, биз дүйнөдө эмне жакшы нерсе болсо ошону алышыбыз керек. Мен Шанхайда профессормун, Кытайда дүйнөдө эмне жакшы болсо ошону алып келип, өзүнүн маданиятын, экономикасын да өстүрүп атат. Кечээ жакында эле Кытай итке минген кедей эмес беле. Мына бүгүн астыга кетип отурат.

Кыргызды орто кылымды көздөй тарткандын ордуна, колдон келсе алдыга кетели, модернизация жасайлы деш керек. Жарма патриоттор эмне жакшы экенин өздөрү түшүнбөйт, жакпайт эч нерсе, колуна берсең иштей албайт, эки сөздү кошо албайт, колуна берсең иштин баарын ойрондотот. Мына биздин бүгүнкү акыбалыбыз.

“Азаттык”: Төлөгөн мырза, сиз демократияны колдойсузбу?

Төлөгөн Келдибаев: Албетте демократия болсо биздин адамдардын өнүгүүсү, ой жүгүртүүсү, билим алуусу өркүндөйт деп ойлойм.

“Азаттык”: Адам укуктары деген идеяны, концепцияны колдойсузбу?

Төлөгөн Келдибаев: Адам укугу боюнча концепциянын негизги маңызы эмнеде жатат? Аны окуп, көргөндөн кийин айтсак туура болмок. Менин айтайын дегеним, кечээ жакында Ош коогалаңында биздин бийликтеги аттуу-баштуу жетекчилерибиз ЕККУнун полициясын Кыргызстанга киргизүү боюнча келишимге кол койгон. Ошондо мен жеке каршы турдум эле. Ал элдин жалпы колдоосуна ээ болуп, бүгүнкү күндө биздин президентибиз ЕККУнун полициясынын кирүүсүн токтотконго аргасыз болду.

“Азаттык”: ЕККУнун полициясын Кыргызстанга жайгаштырса булар теңирден тескери иш жасашы мүмкүн деп ойлойсузбу?

Төлөгөн Келдибаев: Алардын программасын, кайсы жерде иш жүргүзөрүн, кайсы жерде жайгашарын иликтеп көрдүк. Ошол эле өзбек райондорунда, ошол эле террористтик топтор жайгашкан аймактарда орун аларын.

Кечээ жакында чет элден келген товарларды бөлүштүргөн ар кандай гуманитардык фонддорду уюштурган мекемелер өзбек райондорунда жана башка жерлерде уюштурушуп, анын арасына атайын кызматтын өкүлдөрү келип, алардан интервьюларды алып биздин кыргыз элин, улутун дүйнөгө шерменде кылып көрсөтүп атпайбы.

“Азаттык”: Ушунун баарын ЕККУ жасады деп эсептейсизби?
Четтен келген инвесторлордун көпчүлүгү биздин улуттун кызыкчылыгына, ден соолуктарына көңүл бурбай атат.


Төлөгөн Келдибаев: Мен өзүм өзбектер жыш жайгашкан райондордун арасында жашайм, өз көзүм менен көрдүм. Эгерде ушундайларды бизге киргизсек жакшылыкка алып келбейт. Анткени ЕККУнун полициялары Югославияга кирип, бүгүнкү күндө мамлекет бешке бөлүнүп кетти. Эгер булар кире турган болсо, алар бул жерден чыкпайт. Кыргызстанда тынчтыкты камсыздаган биздин өзүбүздүн күч структуралары, карапайым элибиз, бизге окшогон жакшы адамдар чыгат да. Мына Ош кайра калыбына келип атат.

Эмне беребиз? Эмне алабыз?

“Азаттык”: Надырбек мырза, азыр Батыштан маданий экспансия жөнүндө көп айтылып атат. Батыштан келип аткан таза маданий чөйрөдөгү кандай нерселерин сиз туура эмес деп эсептейсиз?

Надырбек Алымбеков: Бардык нерсени иргеп, ылгап алышыбыз керек. Иргеп, ылгап алганда биздин өзүбүздүн ичибизден чыккан илимдүү, билимдүү, мекенчил азаматтар керек. Качан, кайда болбосун биз илимдүү, билимдүү адамдарыбызды ээрчип келбедикпи. Илгери хандарыбыз деле илимдүү, билимдүү кишилердин сөзүн угуп отурган. Ошондуктан азыр илимдүү, билимдүү кишилерди пайдаланып, жакшы жагын алып, жаман жагын калтырып, улуттук менталитетке, биздин кудай таала берип койгон ички сезимдерибизге ылайыктап, тандап алышыбыз керек.

Ар бир келип кеткен нерсенин бардыгын Кыргызстанга ыргытып коюп, эмне болсо ошол болсун, өзүнүн заңына өзү тайгалана берсин деген максат жок да. Ошондуктан биз эмнени берип атабыз, эмнени аларга өткөрүп атабыз, бул жерден биз аябай кылдат болушубуз керек. Муну айтыш кыйын.

“Азаттык”: Маселенин экинчи өңүтүнө кайрылсак. Батыш менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер, көз караштар жөнүндө сөз болуп аткан соң, Кыргызстан Батышка эмне бере алат? Саясий, маданий, технологиясы жактан Батышка көрсөтө турган, үлгү кылып бере турган бир нерсеси барбы?

Төлөгөн Келдибаев: Сурооңуз абдан жакшы, маанилүү. Биздин ата мекендик өндүрүштөн чыккан азык-түлүктөрдү жөнөтсөк болот. Мына Өзгөн күрүчү дүйнөдөгү эң калориялуу азык-түлүктөрдүн бири. Андай дүйнөдө жок. Андан сырткары бүгүнкү күндө Кыргызстандын кыргыз деген пахта сорту бар, андай Европада да, Америкада да өстүрүлбөйт. Биз пахта сортторун экспорттосок болот. Биздин Баткендин табигый өрүктөрүн экспорттоого толук негиз бар. Андан башка азырынча кайра иштетүү өнөр жай тармагынан биздин бүгүнкү күндө ишкерлерибиз бир топ жакшы иштерди жүргүзүп атат. Ошолорду дүйнөлүк талаптарга туура келе тургандай кылып Европага жөнөтсөк болот.



“Азаттык”: Илгери Салижан агай айтты эле, “кыргыздан дүйнөгө белгилүү чоң бандит чыкса жакшы болот эле, кыргыздын атын таанытат эле” деп. Анысыңарындай, Осмонакун мырза, кыргыз эмне бере алат?



“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG