Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Орусия Ливияга курал сата албай төрт миллиард доллар жоготот


Бул БУУнун Коопсуздук кеңеши Муаммар Каддафинин режимине каршы санкция киргизгенине байланыштуу. Орусия технологиялары холдингинин башчысы Сергей Чемезовдун “Интерфакс” жана “ РИА Новости” жаңылыктар агенттиктерине айтканына караганда, өлкөнүн курал соодасы менен алектенген "Рособоронэкспорт" ишканасынын Ливиядагы кырдаалдан улам жоготуучу жылдык кирешеси 4 миллиард долларга барабар. Орусия жакында БУУнун Коопсуздук кеңешинин Ливияга башка санкциялар менен бирге курал эмбаргосун киргизүү сунушун да колдогон. Араб дүйнөсү - Орусиянын куралы үчүн Кытай менен Индиядан кийинки башкы экспорттук базар.

XS
SM
MD
LG