Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:09

Египетте абал курчуса Кыргызстан жарандарын өлкөдөн чыгара баштайт


5-февралда Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүгө ылайык, Египетте ички саясий абал начарлай турган болсо, ал жактагы кыргызстандыктарды чыгаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлмөкчү. Мындан улам министрликте Египеттеги кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүүчү атайын штаб түзүлдү. Айрыкча Сауд Арабиясы менен Түркиядагы Кыргызстандын элчиликтерине жарандарды эвакуациялоого даярдануу тапшырмасы берилди. Кыргызстандыктарды алып чыгууга көмөктөшүү маселелери түрк тарап менен да сүйлөшүлүп жатат. Мындан сырткары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Моквадагы Египеттин элчилигине, Орусияга жана Казакстанга кыргызстандыктарды Египеттен алып чыгууга жардам көрсөтүү боюнча кайрылуу жөнөттү.

Ушул тапта Египетте кыргыз жарандарына жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчилигинин үч өкүлү жүрөт. Мындан сырткары Тышкы иштер министрликтин борбордук аппаратынын өкүлдөрү да Египетке жөнөгөнү турат.

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Египетке учпоого, Египетте жүргөн кыргыз жарандарын мүмкүнчүлүгү болсо Кыргызстанга кайтып келүүгө чакырууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG