Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:20

Мексика жана Пакистан журналисттер үчүн өтө кооптуу өлкөлөр


Press Emblem Campaign деп аталган эл аралык журналисттик уюмдун баяндамасында аталган эки өлкөдө журналисттик ишмердүүлүк өтө коркунучтуу экендигин айтылат.

Докладга ылайык 2010-жыл ичинде Мексикада маң бизнес менен кылмыштуу топторду иликтеген 14 журналист өлтүрүлгөн. Ушундай эле сандагы маалымат каражаттарынын кызматкерлери Пакистанда мерт болгон.

Бул эки өлкөдөн кийин журналисттер үчүн кооптуу өлкөлөр катары Гондурас, Ирак, Филиппин, Орусия жана Колумбия турат.

2010-жыл ичинде дүйнө жүзүндө кызматтык милдетин аткарып жүрүп 105 журналист көз жумса, анын бешөө Орусияда болгон.

XS
SM
MD
LG