Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Чүй облусунун губернатору алмашты


Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен облустун мурдагы губернатору Сагынбек Абдрахманов кызматынан бошотулду. Анын ордуна психолог-практик адистиги бар, 31 жаштагы Айбек Азыранкулов премьер-министрдин дагы бир буйругу менен Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Айбек Азыранкулов Социал-демократиялык партиянын мүчөсү, КСДПнын координатору болуп жүргөн. 2010-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда КСДПнын шайлоо штабын жетектеген. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Экс-губернатор Сагынбек Абдрахманов бул кызматка апрель окуясынан кийин дайындалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG