Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:12

Обама Жакартага келди


Жакарта -- Сусило Бамбанг Юдхойоно жана Барак Обама.
Жакарта -- Сусило Бамбанг Юдхойоно жана Барак Обама.

АКШ президенти Барак Обама Азиядагы сапарын улантып, Индонезияга келди. Бул жерде ал бала кезинде төрт жылын өткөргөн. Өлкөнүн жетекчилери менен өткөрө турган сүйлөшүүлөрдө Обама коопсуздук кырдаалын, эки тараптын соода-сатык кызматташтыгын, ошондой эле ислам дүйнөсү менен мамилелерди чыңдоо маселелерин талкуулады.

Барак Обама дүйнөдөгү эң ири мусулман өлкөсү саналган Индонезияга эки ирет визит менен бармакчы болуп, ички проблемалардан улам белгилеген сапарын кийинки мөөнөткө которгон эле. Акыры чолоосу тийип, шейшемби күнү Жакартага келип түштү.

Бала кезинде ал бул жердеги мектепте окуган, шаарда төрт жыл жашаган. Индонезияда ал баштагыдай эле өтө популярдуу.
Өлкөнүн борборунда Обаманы эң жогорку деңгээлде бардык сый-урмат менен тосуп алышты.

Ошол эле күнү Обама президент Сусило Бамбанг Юдхойоно менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Терроризмге каршы күрөштөгү өз ара кызматташтык, экономикалык алакаларды чыңдоо башкы темалардан болду. Мындан тышкары аскерий-техникалык чөйрөдөгү мамилелерди жандантуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар коопсуздук, соода, инвестиция жана билим берүү чөйрөлөрүн камтыган "ар тараптуу өнөктөштүк" келишимине кол коюшту. Бул документти эки өлкөнүн өкмөттөрү былтыр макулдашкан.

Обама экономика тармагында, демократия чөйрөсүндө Индонезия олуттуу прогресске жетишкенин белгиледи. Буга кошо радикалдуу ислам күчтөрүнө каршы Жакарта өкмөтү жүргүзүп жаткан саясатты да алымсынып белгиледи.

Шаршемби күнү Обама Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң ири мечитте – Истиклялда болот жана мусулман ыкыласмандары алдында сөз сүйлөйт. АКШ президенти былтыр жайда Каирде көңкү мусулмандар кайрылган сөзүндөгү башкы ойлорду бышыктап, Вашинтон ислам дүйнөсү менен кызматташканга чындап кызыкдар экенин тастыктады.

Обаманын визитине байланыштуу Жакартада коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Соңку жылдары Индонезияда террорчулардын кыянат иштери тыйпыл болуп тыйылып калган жок. 2002-жылы Балиде болгон балаамат бул жерде унутула элек, андан 200 киши набыт болгон.

Индонезияны жакында эле табыгый кырсык чалып, жанар тоодон жана деңиз үйөрүнөн 530 киши курман болду, миңдеген адамдар үй-жайсыз калышты.

Жакартага Обама Нью-Делиден учуп келди. Бул жерде ал 10 миллиард доллар өлчөмүндө соода-сатык келишимине кол койду жана Индиянын Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болууну көздөгөн мүдөөсүн колдоду.

Жакартадан соң америкалык президент Түштүк Кореяда, андан соң Японияда болот.

XS
SM
MD
LG