Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Төртилтик Израилди эпке келүүгө чакырууда


Хиллари Клинтон Израилди "тилдеди"
Хиллари Клинтон Израилди "тилдеди"

Жакынкы Чыгыш боюнча Төртилтик Израилди талаштуу Чыгыш Иерусалимде бардык жаңы курулуштарды токтотууга чакырууда. Жакынкы Чыгыштагы кризистик кырдаалды жөнгө салуу далалатында төртилтикке кирген Бириккен Улуттар уюму, АКШ, Европа Биримдиги жана Орусия Моксвада жыйын өткөрүштү.

Москва жыйынында Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Бан Ки Мун Илзраилди Чыгыш Иерусалимдеги бардык жаңы курулуштарын токтотууга чакырды:

Төртилтик Израилдин өкмөтүн Чыгыш Иерусалимдеги бардык курулуш иштерин, анын ичинде «табигый өсүш» делген курулуштарды токтотуп, 2001-жылдын март айынан берил тургузулган көзөмөл бекеттерин буздурууга, ошондой эле жашоочуларды кууп чыгууну токтотууга чакырат.

Бан Ки Мун Израил менен палестиндер талашкан Чыгыш Иеруслимдин макамы келечектеги туруктуу тынчтык келишиминде аныкталганга чейин эч ким бир тараптуу иш кылбашы керектигин баса белгиледи.

БУУнун жетекчиси ошондой эле Израил менен палестиндерди тынчтык сүйлөшүүсүн улантууга чакырып, бул сүйлөшүүлөр эки жыл ичинде кандайдыр бир жыйынтыкка келиши керектигин белгиледи.

Бандын сөзү мындан сегиз жыл мурда израил-палестин чатагын токтотуу максатында түзүлгөн Төртилтик азыр чечкиндүү тургандыгынан белги берет. Уюшма буга чейин үзүл-кесил өтүп келаткан сүйлөшүүлөр үчүн сындалып келет.

Улуттар уюму, АКШ, Евробиримдик жана Орусия кирген Төртилтик Израилдин курулуш иштерине байланышкан жаңы кризис күчөп, палестиндер кыйыр сүйлөшүүдөн да баш тарткан мезгилде чечкиндүү билдирүү менен чыгууда.

19-майдагы Москва жолугушуусунан бир апта мурда АКШнын вице-президенти Жо Байден Израилде болгондо аймактагы тынчтыктын келечеги канчалык бүдөмүк экендиги дагы бир жолу айгине болду.

Байдендин сапары Вашингтон арачы болгон кыйыр сүйлөшүүнүн башталышы болуп калышы керек эле, анын ордуна Израилдин өкмөтү Чыгыш Иерусалимде 1600 жаңы батир курулат деген жарыя жасап, мындай сүйлөшүүнүн жолу буулду да калды.

Шаардын бул тарабын өздөрүнүн келечек мамлекетинин бай тактысы кылгысы келген палестиндер Вашингтон арачы болгон сүйлөшүүдөн баш тартышты. АКШнын канчалык нааразы болгонун ушундан билсе болот, Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Чыгыш Иерусалимдеги жаңы курулуш тууралуу Байден келген күнү жарыяланышын «шылдыңдоо» аракети катары баалады.

Андан бери аймакта кырдаал улам курчууда. Хамас уюмунун көзөмөлүндөгү Газа тилкесинен атылган ракетадан Израилде 18-мартта чет элдик жумушчу курман болду. Буга жооп кылып Израилдин учагы эртеси Газада алты бутаны бомбалады.

Төртилтиктин жума күнкү чакырыгы кескин начарлап бараткан кырдаалды оңдой алабы деген суроо туулат. Төртилтиктин билдирүүсү Вашингтонтун Израил өкмөт башчысы Бенжамин Нетаняхуну палестиндер менен байланышты калыбына келтирүүгө көндүрүү аракетине көмөктөш боло алат. Төртилтиктин жыйынына катышуу үчүн Москвага келген Хиллари Клинтон жыйын күнү Нетаняаху менен телефондон сүйлөштү. Нетаняхунун маалымат кызматы кийин Израилдин өкмөт башчысы эки тарап өз ара ишеничүүлүктү бекемдөө жаатында айрым кадамдарга бара алаарын белгилегенин билдирди, бирок конкреттүү сунуш тууралуу кабарлаган жок.

XS
SM
MD
LG