"Азаттыкты" обого чыгаргыла!

1
Акциянын катышуучулары “Азаттыкка" – азаттык", “Руки прочь от правды”, “Азаттык обого чыксын”, “Баардыгынын оозун баса албайсың”,-деген жазуулары бар плакаттарды кармап чыгышты.

2

3

4
БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев 2005-жылы мурдагы өкмөт башчы Николай Танаевдин "Азаттыкка маалымат айдыңында уттурдук",-дегенин эске салып, азыркы бийлик дагы мурдагы бийликтин каталарын кайталап, сөз эркиндигине кысым жасап жатканын белгиледи.

5

6
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилан Дарий пикетте тургандарга чыгып, ЕККУ "Азаттыктын" берүүлөрү кабылган тоскоолдуктар жөнүндө маселе каралып жатканын билдирди.

7

8
Пикетке "Азаттыктын" күйөрмандарынан сырткары белгилүү саясатчылар, ЖКнын СДП фракциясынын депутаттары, укук коргоочулар да келишти.

9
Жогорку Кеңештин СДП фракциясы билдирүү таратып, “Азаттык” үналгысынын ободон чыгарылбай жатканына, жатканына тынчсыздануу билдирди. (Фракция башчысы Роза Отунбаева пикет учурунда)

10
"Азаттыкты" колдоо кыймылынын төрагасы Өндүрүш Токтонасыров

11
"Азаттыктын” сыналгы берүүлөрүн көрсөтүүнү “Манас жаңырыгы” телекомпаниясы 10-мартта токтоткон, ал эми үналгы берүүлөрдү “Окей” радиосу 11-марттан, “Алмаз-Нарын” радиосу 12-марттан тарта уктурбай калышты.