Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Данияда климаттын өзгөрүүсү боюнча жыйын башталды


Копенгагенде он эки күнгө созулуучу жана тагдыр чечээр бул жыйын климаттагы өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү үчүн жаңы глобалдык келишимдин негизги өңүттөрүн макулдашуу максатын көздөйт. Анын жүрүшүндө 192 өлкөнүн өкүлдөрү абага бөлүнүп жаткан булганыч газдардын көлөмүн кыскартуу, бул багытта жакыр өлкөлөргө жардам көргөзүүнүн механизмдери, кургакчылык, суу ташкындардан, деңиз суусунун көтөрлүүсүнөн коргонуу өңдүү маселелерди талкуулашат. Конок ээси - Даниянын премьер- министри Ларс Локке Расмуссен жыйындын ачылышында буларга токтолду:

-Глобалдык жылуулук чек араны тааныбайт, эч кимди айрымалабайт. Ал жалпыбызга тиешелүү жана аракет жасоого милдеттүү болгондуктан, бүгүн биз баарыбыз ушул жерге жыйналып олтурабыз.

Конференциянын жыйынтыктоочу күндөрүнө катышуу ниетин 100дөн ашуун мамлекеттин башчылары билдиришти.

Климаттын өзгөрүүсүнө каршы көрүлүүчү чаралар боюнча учурдагы эл аралык документ - Киото протоколун 2013-жылдан тарта алмаштыра турган келишимге ээ болуу – бүгүн Данияда башталган конференциянын жыйынтык максаты.

XS
SM
MD
LG