Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Европа менен Борбор Азияда жакырлардын саны көбөйөт


Глобалдык каржы кризисинин таасиринен улам аталган аймактарда келерки жылга карата жакырлардын катарына 10,6 миллион адам кошулары тууралуу Дүйнөлүк банк билдирди. Уюмдун бүгүн жарыяланган баяндамасында белгиленгендей, мындан сырткары 23 миллион адам жакырга жакын тургандардын сабына кошулат. Дүйнөлүк банктын Жакырчылыкты кыскартуу боюнча директору Люка Барбоненин айтымында, банк кризис алдындагы эсептерин кайра карады. Жаңыланган эсеп боюнча келерки жылы аталган аймактарда жакырчылыктан жапа чегүүчү адамдардын саны 153, 6 миллионду түзөт. Мурдагы эсеп боюнча бул көрсөткүч 119, 3 миллион болуучу. Глобалдык каржы кризисинин кесепеттеринен катуу жабыр тартуучулар арасында Молдова, Тажикстан, Кыргызстан, Армениян өңдүү өлкөлөрдөгү үй-бүлөлөр бар. Анткени четтеги эмгек мигранттарынан келүүчү каражаттын өлчөмү мурдагыдай болбойт.

XS
SM
MD
LG