Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:19

Ооган шайлоосу: арачыга алты муш


Кабул -- Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын башчысы Кай Эйде маалымат жыйынында.
Кабул -- Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын башчысы Кай Эйде маалымат жыйынында.

Кабулда президент Карзайдын атаандаштарын колдогон шайлоочулардын чакан тобу Улуттар Уюмунун миссиясы жайгашкан кеңсе алдында жыйын өткөрүп, эл аралык арачыларды азыркы бийлик башчысына жан тартып жатканы үчүн айыпташты.

Демонстрацияга чыккандар арасында Карзайдын атаандаштары, алардын ичинде өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Абдулло Абдулло да болду.

Нааразылык жыйыны тараган соң Абдулло журналисттерди чогултуп, Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын башчысы, норвегиялык дипломат Кай Эйдени президент Карзайдын "картасын" ойноп, өлкөнүн ички иштерине кийлигишип жатканы үчүн сынга алды жана муну менен жалпы уюмдун аброюна так түшүрө баштаганын эскертти.

Жакында Эйдени анын мурдагы орунбасары,америкалык дипломат Питер Гэлбрейт да айыптаган эле. "Эйде президент Карзай менен жакшы ымала түзүп алды, натыйжада ал Улуттар Уюмунун Карзайдагы өкүлү эмес, Карзайдын Улуттар Уюмундагы өкүлүнө айланып калды", - деп көрсөттү Гэлбрейт Би-Би-Сидеги интервьюсунда.

Гэлбрейттин айыптарын Эйде кескин четке какты. Көптөн бери Эйде баш катчы Пан Ги Мунга арызданып жатып, өзүнө орунбасар болуп жүргөн Гэлбрейтти өткөн жумада кызматтан алдырган болчу.

Ооганстандын борбордук шайлоо комиссиясы миссиянын жана эл аралык даттануу комиссиясынын талабына ылайык шайлоодогу жалпы добуштардын он процентин кайра санаганга киришти. Бул иш 5-октябрда башталды. Гэлбрейт бүллүтөндүн он процентин эмес, Карзай үчүн берилген добуштардын бери дегенде отуз процентин кайра санап чыгуу керек деп эсептейт.

Мындай талаптын орундуулугун көрсөткөн маалыматтарды дүйшөмбү күнү "Вашингтон пост" гезити да жарыялады.

Мисалы,түштүктөгү бир эле Гилменд провинциясында 135 миңдей шайлоочу катталып,алардан 20-августта добуш бергени беш миңдей гана адам келген. Бирок бул жерден Карзай үчүн добуш бергендер санын жүз проценттен ашырып көрсөтүшкөн.

Миссиянын өкүлү Дан Макнортон "Вашингтон пост" гезити келтирген мисалдарды "күдүгү күч маалымат" сыпатында баалады.

"Мындай иштерге алаксып отуруштун кажети жок, Улуттар Уюму августтагы шайлоодо берилген добуштар мыйзамдуу экенин көрсөтүп, бул аркылуу жалпы саясий процесске, ооган бийликтерине көмөктөшө алат. Кайра санактар бир нече күндүн ичинде бүткөрүлөт", - деп айтты ал.

Борбордук шайлоо комиссиясы Карзайды биринчи айлампада 54 проценттен ашуун добуш алганын ырасмий түрдө ырастап, аны жеңүүчү кылып жарыялаган. Бирок талаштар такталган соң гана ага президенттик жаңы мөөнөткө мандат тапшырмай болгон.

Байкоочулар эсебинде добуштардын он проценти кайра саналып бүткөндө Карзайдын көрсөткүчү 50 процентке жетпей калышы ыктымал. Мындай учурда ага шайлоонун экинчи айлампасын өткөргөнгө макул болгондон башка арга калбайт.

XS
SM
MD
LG