Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Талиптер 12 айда талкаланбаса, жеңиш кимдики?


НАТО башындагы коалициялык күчтөрдүн курамындагы германиялык аскер Кундузда жанкечтинин жардыруусунан зыян тарткан автомобилди текшерүүдө.23-сентябрь 2008-ж.
НАТО башындагы коалициялык күчтөрдүн курамындагы германиялык аскер Кундузда жанкечтинин жардыруусунан зыян тарткан автомобилди текшерүүдө.23-сентябрь 2008-ж.

Батыш өлкөлөрү өз милдеттенмесине жараша Ооганстанга кошумча аскер жөнөтпөсө, ооган эрегишчилерине каршы согуш ийгиликке жетпеши ыктымал.

Бул Ооганстандагы АКШ башындагы коалициялык күчтөрдүн командачысы, генерал Стэнли МакКристалдын пикири. АКШлык маалымат булактары генерал МакКристал берегидей рапортту Кошмо Штаттардын Коргоо министри Пентагондун башчысы Роберт
Генерал МакКристал Логар провинциясындагы Бараки Барак аймактык базарында. 21-август 2009-ж.

Гейтске жолдогонун билдиришти.

МакКристалдын “Вашингтон Пост” гезити баскан рапортунун көчүрмөсүндө Ооганстандагы кырдаал өтө “татаал” деп мүнөздөлүп, эларалык күчтөр 12 ай ичинде талиптерди талкалашпаса, ийгиликти биротоло колдон чыгарат, деп айтылат. МакКристал урушту тездетүү үчүн Батышты Ооганстанга президент Обама жөнөтчү 21 миң аскерден башка да кол жөнөтүүгө чакырат. Береги 21 миң кол менен Ооган жериндеги америкалык аскерлердин саны 68 миңге чыгат.

МакКристал рапортту ырасмий түрдө АКШнын коргоо министри Роберт Гейтске жакынкы жумаларада тапшырат деп күтүлүүдө.

АКШ президенти Ооганстанга кошумча кол жөнөтүү боюнча бир бүтүмгө келе элек. Анын жөнжайын Обама жекшемби күнү АКШ телеканалына берген интервьюда мындай түшүндүрдү:

Президент Барак Обама жана АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс.
- Менин көңүл борборумда: “Биз Америка элин жана Америка жерин коргоо үчүн эмне кылып жатабыз?” деген суроо турат. Коопсуздугубуз үчүн Ооганстан жана Пакистан өтө маанилүү. Бирок дүйнөнүн чар тарабына аскер кийимчен, жаш, жалгыз бой эркек же аялдарды жөнөтүүмдүн бирден бир жүйөөсү - бул биздин коопсуздугубузду сактоо үчүн зарыл деп ойлойм.


Барак Обаманын пикиринче, Ооганстанга жаңы аскер жөнөтөөрдөн алдың азыркы стратегия туурабы же туура эмеспи - аныктап алуу зарыл. Стратегия жаңылыш болсо, аскер жөнөткөн менен пайда болбойт, деди президент Обама:

- Биз стратегиябызды ресурстарыбызга чактап, “ал-Каида” Кошмо Штаттарга чабуул койо албасына ишенүү максатында эмне болуп жатканын кылдат байкап, электен өткөрүп көрөлү деп жатабыз.

Генерал МаКристал да Ооганстандагы стратегия чоң өзгөртүүгө муктаж деп эсептейт. Анын оюнча, жаңы планга жана коалициялык күчтөргө оогандар ишенүүгө тийиш. Азыр коалициялык күчтөргө ишеним аз. Ал үчүн эларалык күчтөр оогандардан өздөрүн оолак кармабай, камыр-жумур жүрүшү шарт жана эл ичиндеги бөөдө чыгымдардан качуусу абзел.

Дүйшөмбү күнү Италия өткөн жумада Ооганстанда курман болгон алты жоокерин акыркы сапарга узатты. Премьер-министр Силвио Берлускони жалпы улуттук тажияда италиялык жоокерлер Ооганстандан чыгарылып кетпесин айтып, бирок Ооган армиясы өлкө коопсуздугун камсыздоосу үчүн “өткөөл стратегияны” иштеп чыгууну сунуш кылды.

Коалициялык күчтөрдүн курамындагы жоготуулар Батыштын Ооганстанга кошумча аскер жөнөтүүсүнү татаалдантат.

XS
SM
MD
LG