АКШ жана Түштүк Кореянын жеке тармактарындагы бир катар интернет баракчаларга чабуул жасалды. Компьютердик системанын коопсуздугу боюнча америкалык адистердин айтымында, сайттарга чабуулдар бир убакытта жасалган. АКШнын Ички коопсуздук боюнча департаменти кибер-чабуулдар жасалганын тастыктаганы менен, кайсы интернет баракчалар иштебей калганын айткан жок. Түштүк Кореянын атайын кызматтары бул кибер-чабуулдар кайсы бир уюм же мамлекет тарабынан пландалган болушу мүмкүн деп болжолдошууда.