Байкоочулар Ирандагы азыркы окуялар баарыдан мурда өлкөнүн диний лидери аятолла Али Хаменеини өтө кыйын абалга койгонун айтып жатышат. Эгер ал добуштардын санагы одоно бурмаланганын моюнга алса, анда Ислам республикасына өз колу менен батуба - өкүм чыгарып берет дешет. Буга жогорку бийлик эгерим барбайт. Бирок барбаган күндө да аятолла: "Биздин добушубуз кайда?" –деп собол коюп, күн сайын аламан салып жаткан миңдеген демонстранттарды, алардын артында турган миллиондогон жарандарды ынанта алар кандай жооп табат?
Аятолланын апкөйлүгү
Вашингтондо жашаган ирандык аналитик Женейве Абдо жогорку лидердин шайлоо жыйынтыктарын териштирип чыгууну атайын көзөмөл органына табыштаганын эске салып, ушунун өзү эле улуттук башкаруу системасынын бүлүнө баштаганын билдирген жышаан деп эсептеди.
Аятолла толкуган элди күчкө салып же башка арга таап,акыры тынчытышы мүмкүн. Бирок эки жаатка бөлүнүп калган азыркы башкаруучу диний элитанын ортосун эми данакерлеш ага кыйын болот.
Реформисттердин Европадагы өкүлү Мохсен Махбалбаф Би-Би-Сидеги интервьюсунда ырастагандай, шайлоо аяктаган күнү түн ортосунан ооп калганда Мусавинин штабына аятолла Хаменеи өзү телефон чалып,аны жеңиши менен куттуктап, жаңы шайланган президент катары ага программалык сөз сүйлөөнү табыштаган экен. Бирок арадан эки саат өткөн соң штабга ислам революциясынын сакчылар Кеңешинин өкүлдөрү келип,аятолла жаңылып калганын билдиришкен. Алар Ахмединежаддын шайлоодо утулганы бүткүл режимдин утулганы болот, ошондуктан Мусави жеңүүчү болуп жарыяланбайт деп айтышкан.
Ошондон көп аялдабай аятолла Хаменеи шайлоону басымдуу артыкчылык менен Ахмединежад утуп алганын жарыялап,анын жеңишин "чыныгы майрам" деп атады.
Молдократияга жик түштү
"Азаттыктын" кабарчысы Чарлз Рекнагел азыркы окуялардан ирандык "модернисттер менен консерваторлордун" тирешин көрөт. Биринчи топко экс-президент Мохаммад Хатами, парламенттин мурдагы спикери Мехди Карруби жана азыркы талапкер, экс-премьер-министри Мир Хоссейн Мусави баш болгон таанымал, белгилүү саясатчылар кирет. Алардын баары Ирандагы теократияны түптөп, аны аркалуу жана азуулуу режимге айланткан муундун өкүлдөрү. Быйылкы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө алардын катарына дагы бир бараандуу ысым – экс-президент Акбар Хошеми Рафсанжани кошулду. Ал азыркы президенттин одонолугуна жана калпычылыгына даттанып, аятолланын өзүнө ачык кат менен кайрылды жана Ахмединежадды сотко бермей болду. Экс-президентти иран шейиттеринин ыйык жери саналган Кум шаарынын элүү чакты диний төбөлдөрү колдошту.
Ыңкылап али ыраак
Эксперт Абдо жагдайга башка өңүттөн карады. Анын айтымында,маселе - жаштарда, жаңы муунда. Алардын баары ислам революциясынан кийин төрөлүп,теократиянын шартында таалим-тарбия алганы менен исламчылардын ибааратына жете ийишкен жок. Жаш муун "модернист" Рафсанжани менен Мусави же консерватор Хаменеи менен Ахмединежад сунуш кылган тартипти эмес, социалдык эркиндикти, өз лидерин өздөрү тандап алуу укугун, алдыңкы технологиялар менен коомдук карым-катнаштын интернет өңдүү каражаттарын кеңири колдонуу мүмкүнчүлүгүн кепилдеген заманбап коомго жеткиси келет.
Иран эртедир-кечтир жаңы муундун талабы менен эсептешкенге аргасыз болот.Бирок Абдо иран коомунда ыңкылаптын карааны кылактап көрүнүп калганын жарыялап жиберген америкалык айрым саясий илимпоздордун пикирлерине кошулбайт.
"Иранда ислам революциясынын лидерлери саясий турмуштан кетмейинче азыркы система сырткы түрүн гана өзгөртүп турат",- дейт ал. Андыктан ыңкылап али ыраак,ага дагы көп бар.
Теократия бүттү,аскери диктатура келди
Бул пикирге үндөш көз караштар европалык басылмаларда да айтылууда.
"Иранды эми теократия катары караганга болбой калды. Өлкөдөгү абал барган сайын Пакистанга түспөлдөшүп баратат, анткени бийлик куралдуу адамдардын колуна өттү. Ахмединежад башкарган соңку төрт жыл ичинде революциянын сакчылары биринчи ирет өкмөттөгү негизги кызматтардын теңинен көбүн басып алышты",-деп жазат Frankfurter Allgemeine гезити.
Басылма белгилегендей, Ахмединежаддын "жетекчилиги астында ислам республикасы молдолордон обочолонуп, авторитардык аскери диктатурага айланып баратат. Бийликти жана байлыкты кармап калуу динге караганда алда канча маанилүү боло баштады. Иранда диний темадагы талкуу-талаштар эбак эле тамам болгон. Диний төбөлдөр – исламды эш көрсө, революциянын сакчылары – улутчулдукту туу тутат".
"Бул бүт дүйнө үчүн жаман кабар болду,-деп жазат The Financial Times. – Иран тарыхында жаңы барак ачылды. Тоталитардык бардык орой-кешпирине карабай өлкөдө буга чейин демократиянын айрым бир жышаандары бар эле. Президент толук бийлик эгеси болбосо да эркин шайлоодо элден мандат алчу. Эми бул да бүттү. Жарым диктатура толук диктатурага айланды".