Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

АКШ президенти Сауд Аравияга келди, "ал-Каида" лидерлери Обаманы сындоодо


Барак Обама Сауд Аравияга бүгүн Жакынкы Чыгыш боюнча иш сапарынын алкагында келди. Эр – Риядда ал падыша Абдалла менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Сауд Аравиядан соң Барак Обама эртең Египетке барып, президент Хосни Мубарак менен жолугат. АКШ президенти Каирден мусулман дүйнөсүнө багытталган жана узактан бери күтүлгөн кайрылуусун жасамакчы. Өз сөзүндө Барак Обама АКШ менен мусулман дүйнөсү ортосундагы диалогду жакшыртууга көңүл бурары күтүлүүдө. Ал Сауд Аравиянын жана Египеттин лидерлери менен сүйлөшүүлөрүндө кайрылуучулардын арасында Израиль- Палестин тынчтык жараянын алдыга жылдыруунун, Ирандын өзөктүк программасын токтотуунун жолдору өңдүү маселелер да бар.


Бул аралыкта бүгүн “ал-Жазира” телеканалы “ал-Каида” лидери Усама бин Ландендин билдирүүсү деген аудиотасманы угузду. Анда “ал-Каида” лидери Барак Обаманы Америкага каршы жек көрүүчүлүктү жаратып жатканы үчүн айыптоо менен ал мурдагы президент Жорж Буштун кадамдарын улантуунун үстүндө экенин белгилеген. Бирок аудиотасмада жазылган үндүн нукуралуулугун көз карандысыз тараптар азырынча аныктай элек.

Мурдараак “ал-Каидада” экинчи адам катары эсептелген Айман аз –Зауахри да билдирүү жасап, египеттиктерди ал өзү атагандай, Обаманын “жылма сөздөрүнө” алданбоого чакырган.

XS
SM
MD
LG