Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча тергөө иши аяктап, сотко берилди


Башкы прокуратура бүгүн Жылуу-Суу – Бишкек автожолунда (Аламүдүн капчыгайында) 13-мартта катталган жол кырсыгы боюнча тергөө аяктады деп кабарлады. Бул күнкү окуяда президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов, Президенттин карамагындагы стратегиялык изилдөө институтунун мурдагы башчысы Сергей Слепченко жана айдоочу К. Сулайманов автоунаанын (Лексус үлгүсүндөгү) ичинде күйүп кетишкен. Кырсыкка байланыштуу экинчи автоунаанын (Аудио үлгүсүндөгү) айдоочусу Өмүрбек Осмонов айыпталууда. Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда айдоочу Кылмыш Кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмү, 121-беренесинин 2-бөлүмү боюнча жолдо жүрүү жана транспорт айдоо эрежесин бузган жана жабыркагандарды кооптуу жагдайда калтырган деп айыпталууда.
Бул ишти эми Аламүдүн райондук соту карайт. Башкы прокуратура ишти сотко 30-апрелде жиберген.
(ZKo,BuS)

XS
SM
MD
LG